Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатты жайылтууда медиа тармактын орду

Бишкекте бүгүн, 2019-жылдын 14-февралында «Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатты жайылтууда медиа тармактын орду ” аталышындагы тегерек стол өтүүдө. Тегерек стол Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен биргеликте, Бириккен Улуттар Уюмунун өнүктүрүү программасы жана Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун Бишкектеги Программалык кеңсеси (ЕККУ) эл аралык уюмдардын колдоосунда уюштурду.

Иш-чаранын катышуучуларына Кыргыз Республикасынын дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын кызматкерлери тарабынан 2014-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясын жүзөгө ашыруу боюнча маалыматтар берилип,  радикализм жана экстремиздин алдын алууда түшүндүрүү иштерин мамлекеттик органдар, коомдук эксперттер менен ЖМК өкүлдөрүнүн тыгыз кызматташуусу зарыл экендигине токтолушту.

“ Иш-чаранын максаты диний чөйрөдөгү көйгөйлөрдү чагылдырууда, радикализм жана экстремиздин алдын алууда, мамлекеттин туруктуулугунун коопсуздугуна тийгизген таасирин эске алуу максатында мамлекеттик органдар менен жалпыга маалымдоо каражаттары биргеликте  тыгыз байланышта иш алып баруусуна колдоо көрсөтүү.

Биз диний маселеде өлкөдө демократиялык принциптерди сакташыбыз зарыл. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын экстремисттик коркунучтар менен күрөшүүдө орду өзгөчө. Анткени, ЖМК- коомдук аудиторияга таасир этүүчү эң  ыкчам жана масштабдуу каражат. Коомго оң жана терс таасир берүүсү алардын даярдаган материалдарынан жана берүү ыкмаларынан көз каранды.

Ошондуктан радикализм жана экстремизм менен күрөшүүдө идеологиялык жана психологиялык жагын эске алып, радио жана телеберүү аркылуу мүмкүнчүлүктөрдү туура пайдалануу абдан маанилүү”, – дейт, Кыргыз Республикасынын ДИМК директору Зайырбек Эргешов.

Ошондой эле диний чөйрөдөгү жаралган көйгөйлөрдүн чечүү жолдорун, радикализм жана экстремизмди алдын алуу иш-аракеттери жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу коомчулукка маалыматтарды объективдүү жана туура жайылтуу  маселелери боюнча кызуу талкуу жүрүүдө.

Жалпыга маалымдоо каражаттары күнүмдүк жашообуздагы коомдук көз карашты калыптандырууга жана алардын муктаждыктарын, көз карашын, баалуулуктарын өзгөртүү менен кеңири аудиторияга таасир берүүчү башкы булак катары эсептелинет. Ошондуктан жалпыга маалымдоо каражаттары менен кызматташуу аркылуу радикализм менен экстремизмдин алдын алууда даярдалган материалдарды калкка жайылтууда натыйжалуулугун берип келет.

Аталган иш-чарага Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигин өкүлдөрү жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын жетекчилери катышууда.

Архив