З. Эргешов Европа биримдигинин Элчиси, ЕБнин Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Эдуард Ауэр менен жолугушту

2019-жылдын 30-январында Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Зайырбек Эргешов Европа биримдигинин Элчиси, ЕБнин Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Эдуард Ауэр менен жолугушту.

Жолугушууда диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат, дин тутуу эркиндиги, адам укуктары, экстремизм жана радикализмди алдын алуу, жарандардын радикалдашуусуна бөгөт коюу максатында дин жаатындагы актуалдуу, маанилүү маселелелерди талкуулашты.

Кыргыз Республикасынын ДИМК директору Зайырбек Эргешов диний чөйрөдөгү жүргүзүлүп жаткан мамлекеттик саясат боюнча кеңири токтолуп, конфессиялар аралык өз ара мамилелерди жакшыртууда иш-аракеттер өткөрүлүп жаткандыгын белгиледи.

Сөз кезегинде Европа биримдигинин Элчиси, ЕБнин Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Эдуард Ауэр радикализмдин жана экстремиздин алдын алуу боюнча жана билим берүү, диний билим берүү, имамдарды окутуу боюнча долбоорлорду биргеликте ишке ашырууну сунуштап, өнөктөштүк жана кызматташтык боюнча макулдугун билдирди.

Соңунда эки тараптуу дин чөйрөсүндөгү кызматташтыкты мындан ары да күчөтүү керек экендигин билдиришти.

Архив