Дин комиссиясы маалыматтык-профилактикалык иш-чараларды Ысык-Көл облусунда өткөрүп жатат

2019-жылдын 23-январында Ысык–Көл облусунун Ананьев айылында жана 24-январда  Тамчы айылында Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы (ДИМК), Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги (ИИМ), Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин (ЖӨБЭММА) жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү тарабынан маалыматтык-профилактикалык иш-чаралар өткөрүлүүдө.

Аталган иш-чарада айыл тургундарына диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат, конфессиялар жана этностор аралык мамилелерди бекемдөө, коомдогу тынчтыкты жана туруктуулукту сактоо, диний жана этникалык жаатта экстремизмдин алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүрүп жатат.

“Биз бардык динге бирдей мамиле жасалган светтик мамлекетте жашайбыз. Адам диний же этникалык негизде кемсинтүүгө учурабашы керек. Кыргызстандын мыйзамында диний же улуттук түшүнүктөн улам зомбулук жасоого үндөгөн чакырыктар экстремисттик ишмердүүлүк катары каралат. Биз андыктан ар кыл диндин өкүлдөрүнүн мамилелерин жана бири-бирине болгон урматтоолорун өнүктүрүшүбүз керек”, —деди Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директорунун орун басары Закир Чотаев

Эске салсак, 11-январда Ананьево айылындагы православ көрүстөнүндөгү эстеликтер белгисиз адамдар тарабынан  талкаланган.

Ал эми 2018-жылдын октябрь айында Тамчы айылында христиан динин тутунган бала сабалган.

Архив