Ананьев айылында көрүстөндөгү талкаланган эстеликтерди калыбына келтирүү боюнча иш-чара

2019-жылдын 17-январында Ысык –Көл облусунун Ананьев айылында көрүстөндөгү талкаланган эстеликтерди калыбына келтирүү боюнча иш-аракеттер өткөрүлдү.

Иш-чарада жергиликтүү тургундарга диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат, дин тутуу эркиндиги, адам укуктары, коомдогу туруктуулукту, конфессиялар аралык ынтымакты, этностор аралык мамилелерди бекемдөө жана вандализимдин негизги себептерин, аны чечүү жолдору боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Аталган иш-чарага Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы (ДИМК), Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги (ИИМ), Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин (ЖӨБЭММА), жергиликтүү бийликтин жана “Конфессиялар аралык кеңешменин”, Орус православ чиркөөсүнүн, Ысык-Көл облусунун мусулмандар казыятынын өкүлдөрү катышты.

“Дин жаатындагы маселеде өлкөнүн демократиялык принциптерди сактоого милдеттүүбүз. Ар бир жаран диний жана башка ишенимдерин эркин тандоого укуктуу. Учурда диний кырдаалды курчутууда деструктивдүү күчтөр жок эмес. Ошондуктан мындай конфликттерге жол бербей, конфессиялар жана этностор аралык ынтымакты сактоого чакырат элем”, – деди аталган иш-чара боюнча  Кыргыз Республикасынын ДИМКнын директору Зайырбек Эргешов.

Эске салсак, 11-январда Ананьев айылындагы православ көрүстөнүндөгү эстеликтер белгисиз адамдар тарабынан талкаланган. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.

Архив