Иммундаштыруу: мамлекет менен диний уюмдардын кызматташуусу

Бишкекте бүгүн, 16-январда “Иммундаштыруу: мамлекет менен диний уюмдардын кызматташуусу” аталышындагы тегерек стол өтүүдө. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы (ДИМК) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте жана ЮНИСЕФ эл аралык уюмунун колдоосунда уюштурулду.

Тегерек столдун катышуучулары Кыргызстанда акыркы убакта өз ыктыяры менен тообокелдикке салып, медициналык эмдөөдөн баш тарткан диний көз караштардагы ата-энелердин саны өсүп жаткандыгынан улам, анын кесепетинен ар кандай жугуштуу оорулар  балдар арасында көбөйүп жаткандыгын, эмдөөдөн баш тартуунун негизги себептерин жана аны чечүү жолдорун талкуулап жатышат.

«Диний  көз караштагы адамдар гана баш тартып жатат дегенден алысмын. Баш тарткандардын арасында диний гана көз караштагылар үстөмдүк кылбайт. Бул жарандардын арасында ойлондурган маселе вакцинанын курамы, зыяндуу эместиги, кайсы мамлекеттерден алынып жаткандыгы чон маселе жаратып жатат. Ал эми диний жаатты алганда динге карма-каршы келбейт. Жыл сайын ажылык сапарга аттангандар атайын белгилүү мөөнөттө ар бир барган адам милдеттүү түрдө эмдөөдөн өтөт. Негизги маселе калкка түшүндүрүү иштерин күчөтүү зарыл жана маалыматты туура жеткирүү керек», - деди Зайырбек Эргешов.Ошондой эле Кыргыз Республикасынын ДИМК директору Зайырбек Эргешов жумушчу топ түзүп, бирдиктүү программа иштеп чыгуу керектигин, коомчулук арасында түшүндүрүү иштерин байма-бай жүргүзүп турууну баса белгиледи.Аталган иш-чарага Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинен, Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынан, Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынан, Бишкек жана Кыргызстан епархиясынан жана диний уюмдардан өкүлдөр катышууда.

Архив