З. Эргешов глобалдуу программанын жетекчиси, айыгышкан экстремиздин алдын алуу боюнча БУУӨПтин Атайын кеңешчиси Александр Аванесов менен жолугушту

2018-жылдын 28-ноябрында Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Зайырбек Эргешов БУУнун Өнүктүрүү программасынын (ПРООН) өкүлдөрү жана глобалдуу программанын жетекчиси, айыгышкан экстремиздин алдын алуу боюнча БУУӨПтин Атайын кеңешчиси Александр Аванесов менен жолугушту.

Жолугушууда Кыргыз Республикасынын ДИМК директору Зайырбек Эргешов диний чөйрөдөгү жүргүзүлүп жаткан мамлекеттик саясат боюнча кеңири токтолуп, конфессиялар аралык өз ара мамилелерди жакшыртууда иш-аракеттер жүргүзүлүп жаткандыгын баса белгиледи.

Өз кезегинде Эргешов  глобалдуу программанын жетекчиси, айыгышкан экстремиздин алдын алуу боюнча БУУӨПтин Атайын кеңешчиси Александр Аванесов радикализмдин жана экстремиздин алдын алуу боюнча жаңы долбоорлорду биргеликте ишке ашырууну сунуштап, кызматташуу үчүн мүмкүнчүлүктөр түзүлүп жаткандыгына ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле жолугушуу учурунда диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат, дин тутуу эркиндиги, адам укуктары, экстремизм жана радикализмди алдын алуу, жарандардын радикалдашуусуна бөгөт коюу максатында дин жаатындагы актуалдуу маселелелер боюнча кызуу талкуу жүрдү.

Соңунда эки тараптуу дин чөйрөсүндөгү кызматташтыкты мындан ары да күчөтүү керек экендигин билдиришти.

width=1024width=1024width=1024width=1024 

Архив