Эки тараптуу жолугушуу

2018-жылдын 16-ноябрында Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын (КР ДИМК) жыйындар залында дин чөйрөсүндөгү актуалдуу маселелер жана диний билим берүү боюнча талкуу өткөрүлдү.

Аталган иш-чарага Германия Федеративдик Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Моника Иверсон, Георг Эккерт Институтунун илимий кызматкери Зринка Штимак, профессор Лотар Кулд, ошондой эле КР ДИМКнын жетекчилиги жана кызматкерлери, талдоочулар жана КМДБнын өкүлдөрү катышты.

КР ДИМКнын директору З.Эргешов “Ислам азыркы светтик мамлекетте” аталышындагы II эл аралык конференциянын жыйынтыгы жана алдыда коюлган иш пландар боюнча кенен токтолду.

Жолугушууда эки өлкө ортосундагы социалдык багыттагы кызматташтыкты өнүктүрүү, диний радикализмди жана экстремизмди алдын алуу боюнча долбоорлорду ишке ашыруу жана диний чөйрөдөгү көйгөйлөр туурасында маселелер, диний окуу жайлардын окутуу программалары, методологиясы, диний жана дин таануу билим берүүнүн актуалдуулугун жана сапатын жогорулатуу боюнча кызуу талкуу болуп өттү.

Соңунда эки өлкөнүн достук мамилелерин мындан ары да бекемдөө максатында кызматташууга даяр экендигин билдиришти.

 

Архив