“Руханий Жибек жолу. Улуу гуманисттик салттар жана азыркы учурдун чакырыктары» Эл аралык конференциясы

2018-жылдын 13-сентябрь күнү Бишкек шаарында Кыргызстан мусулмандарынын диний башкармалыгы (КМДБ) Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын (КР ДИМК) колдоосу менен  евразия мейкиндигиндигин элдеринин диний-маданий мурастарын, жалпы салттуу баалуулуктарды сактоо максатында, илим жана инновацияны өнүктүрүү багытында “Руханий Жибек жолу. Улуу гуманисттик салттар жана азыркы учурдун чакырыктары” аттуу  III Эл аралык илимий-теологиялык конференция өткөрдү.Аталган иш-чарага Россия, Кытай, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Эстония, Литва, Кыргызстан мамлекеттеринин мусулмандар диний башкармалыгынын муфтийлери жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, ошондой эле илимий жана эксперттик коомчулук катышты.Конференциянын алгачкы 2 циклы 2016-жылы Кытай Эл Республикасынын Урумчу шаарында, ал эми 2017-жылы Россия Федерациясынын Казань шаарында болуп өткөн. 

Архив