Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө талкуу

Ош шаарында 2018-жылдын 2-июлда Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы (КР ДИМК)  “Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун талкуулоо боюнча тегерек стол өткөрдү.

Кыргыз Республикасынын Коргоо Кеңешинин диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат жөнүндөгү 2014-жылдын 3-февралындагы №1 чечимин ишке ашыруу максатында жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 7-февралындагы ПЖ №24, 2014-жылдын 14-ноябрындагы ПЖ №203 Жарлыгы менен бекитилген  долбоорлор иштелип чыккан.

 width=1024

Долбоордун негизги максаты дин чөйрөсүндө жана дин тутуу эркиндигин камсыздоодо мыйзамдарды өркүндөтүү жана системалаштыруу, диний уюмдардын, диний окуу жайлардын, миссиялардын жана миссионерлердин ишмердүүлүгүн жөнгө салуу болуп саналат.

Мамлекеттик-конфессиялык мамилелерди жана мамлекеттик ыйгарым укуктарды жөнгө салуу боюнча диний чөйрөдөгү туруксуздаштырууга алып келген тообокелдиктерди, мыйзамдагы карама-каршылыктарды жана боштуктарды четтетүү, Конституциянын принциптерине ылайык мыйзам ченемдерин иштеп чыгуу, укуктарды так аныктоо, диний уюмдардын жана мамлекеттик органдардын милдеттери жана жоопкерчилиги, жол-жоболук маселелерди иреттөө жана оптималдаштыруу, диний жааттагы маселелерде боштуктарды жана кемчиликтерди жоюу, мыйзамдын натыйжалуу иштешин камсыз кылуу боюнча сунуштар долбоорго киргизилүүчү өзгөртүүлөр жана толуктоолор аркылуу жоюуга багытталган.

width=1024

Долбоорду талкуулоого мамлекеттик органдардын, диний жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү, көз карандысыз эксперттер катышты.

Эске салсак, ушул эле Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун талкуулоо боюнча тегерек стол 2018-жылдын 27-июнда Бишкек шаарында болуп өттү.

 width=1024 

Архив