Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Зайырбек Эргешовдун Кыргызстандагы жана Тажикстандагы Фридрих Эберт атындагы Фонддун аймактык директору Александер Розенплэнтер менен жолугушуусу

2018-жылдын 24-апрелинде  Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын (КР ДИМК) директору Зайырбек Эргешов Кыргызстандагы жана Тажикстандагы Фридрих Эберт атындагы Фонддун аймактык директору Александер Розенплэнтер менен жолугушту.

Жолугушуу учурунда Фридрих Эберт Фондунун ишмердүүлүгү жана  диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу тууралуу маселелер  талкууланды. Ошондой эле КР ДИМКнын директору З.Эргешов “Ислам азыркы светтик мамлекетте” Эл аралык конференциясы 2018-жылы Бишкекте өткөрүү боюнча иш-аракеттер жүргүзүлүп жаткандыгын билдирди.

Ал эми Александер Розенплэнтер мырза ыраазычылыгын билдирип, диний багыттагы иш-чараларын уюштуруу тууралуу биргеликте кызматташууну сунуштады.

Соңунда эки тарап достук мамилелерин мындан ары да бекемдөө максатында кызматташууга даяр экендигин билдиришти.

width=1024width=1024 

Архив
  • апрель 2025
    дшшшшрбшжмишжш
    31123456
    78910111213
    14151617181920
    21222324252627
    2829301234
    567891011