“Дин маданиятынын тарыхы” аттуу пилоттук курстун жыйынтыгы боюнча тегерек отурум жана семинар өткөрүү жөнүндө

2017 жылдын 16-17 февралында Бишек  шаарында  мектептеги  9 класстын окуучулары үчүн “Дин маданиятынын тарыхы” аттуу пилоттук курстун жыйынтыгы боюнча тегерек отурум жана семинар болуп өттү. 2016 жылдын сентябырынан баштап Кыргызстандын 10 мектебине аталган курс пилоттук проект катары киргизилген эле. Жарандардын диндер жөнүндөгү  билимин жана толерантуулугун  көтөрүү, эл арасында  радикалдык көз караштардын  жайылуусуна жол бербөө  максатында жана Кыргыз Республикасынын 2015-2020  жылдарга кабыл алынган  дин чөйрөсүндөгү  мамлекеттик саясат боюнча  Концепциясына ылайык башталган  бул иш боюнча  Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия, Билим жана илим министрлиги  “Осло борборунун” (Норвегия) колдоосунда мектептердеги мугалимдерди үч күндүк машыгуудан да өткөрүшкөн. Аталган курс үчүн тийешелүү адистер, академиялык коомчулуктун өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ окуу куралынын проектиси иштеп чыккан. Ал эми 2016 жылдын декабрында № 24 мектеп-гимназияда Кыргыз Республикасынын Президентинин аппартынын, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын. Билим жана илим министрлигинин өкүлдөрү менен ачык сабак өткөрүлгөн.

Жогоруда айтылган курстту коомдук талкуулоо үчүн 16-17 февралда өткөрүлгөн тегерек отурум жана мугалимдер үчүн семинарга Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынан, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинен, Ош МУнун Арашан гуманитардык институтунан, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улууттук университетинен, Руханий маданиятты өркүндөтүү “Ыйман” фондунан, Кыргызстан мусулмандар башкармачылыгынан Орус православдык чиркөөсүнүн Кыргыз,Бишкек епархиясынан, “Чамсен” Будда чиркөөсүнөн,Евангел христиан- баптистердин чиркөө уюмунан, мамлекеттик органдардан, өкүлдөр жана эксперттер катышты.

Семинардын  биринчи күнүндө катышкан  мугалимдер арасында уюштурулган  “Суроо-жооп анкета” боюнча окуу куралынын сапатына  төмөнкүчө баа берилди: 14 % “Эң жакшы”53%,  “жакшы”, 27%- “канааттандырарлык эмес”

Эки күн ичинде китеп боюнча өтө көп баалуу кенештер, сунуштар  каалоолор айтылып, автордук коллективге берилди.

Эми бул пилоттук проектин андан аркы этаптарында төмөнкүдөй  кадамдар белгиленүүдө:

  • Окуу методикалык комплексти иштеп чыгуу үчүн тажрыйбалуу методистерди чакыруу
  • Мугалимдер үчүн жана окуучулар үчүн өзүнчө окуу куралын иштеп чыгуу
  • Кесипкөй котормочуларды (кыргыз, өзбек, тажик тилдери боюнча)  дизайнерлерди, картографтарды, сүрөтчүлөрдү ишке тартуу
  • Окуу куралынын форматын өзгөртүү (а4) жана  анын электрондук түрүн иштеп чыгуу

 

Аталган курс  жаштардын  жарандык  өзүн өзүн таануусуна, укуктук  маданятынынын өсүүсүнө, патриоттук тарбиясына, улуттук  каада-салттарды сыйлай билүүсүнө . руханий-ыймын баалуулуктарынын  системасын бекемдөөгө багытталган.

 

Архив