ПРЕСС-РЕЛИЗ “Мыкты түшүнүк – мыкты дүйнө үчүн” аттуу эл аралык конференциянын өтүлүшүнүн жыйынтыгы жөнүндө “Мыкты түшүнүк – мыкты дүйнө үчүн”

2016-жылдын 13-17-июлунда “Цивилизациялар кызматташтыгы жана алмашуу фонду” (Балтимор шаары, Мэриленд штаты, АКШ) Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы менен бирдикте Кыргыз Республикасындагы Америка Кошмо Штаттарынын Элчилигинин көмөгү менен “Мыкты түшүнүк – мыкты дүйнө үчүн” аттуу эл аралык конференцияны өткөрүп жатат.

2016-жылы аталган конференцияны Орто Азияда өткөрүү чечими кабыл алынган. Кыргызстан саясий уюштууруучулардын көңүлүн диний чөйрөдө өткөрүүгө бурган. “Цивилизациялар кызматташтыгы жана алмашуу фондунун” Президенти Мохамед Башар Арафат Кыргыз Республикасындагы Америка Кошмо Штаттарынын Элчилигинин көмөгү менен Кыргыз Республикасына 2016-жылдын май айында келген. Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Молдалиев Орозбек Абдысаламович менен конференцияны өткөрүүнүн ар бир учурун талкуулап, эки тараптуу биргеликте өткөрүүнү чечимине токтолушкан. Кийинчэрээк бул демилге Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын колдоосуна ээ болгон.

Азыркы заманбап дүйнөнүн негизги көйгөйлөрүнүн бири бул эл аралык конфессиялардын жана мультимаданияттык макылдашуулардын жоктугу болуп эсептелет. Конференциялардын катышуучулары негизинде “бөлөкчө кабыл алуу” идеясына токтолушуп, диндик жана маданияттын көп түрдүүлүктүн оң тарабын көргөзүү менен ар кайсы өлкөнүн жаштарынын өкүлдөрүнүн бири-бирин түшүнүү, урматтоо аркылуу диалог түзүү болуп эсептелет.

Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору О.Молдалиев өз сөзүндө эл аралык конфессиялардын жана мультимаданияттык көп түрдүүлүктүн негизги маанисине токтолуп, эгерде адам сабырдуулукту карманса дайыма токтоо жана тынчтыкты жактоочу болот. Мындай адам эмоционалдык жактан салмактуу жана өзүнүн билим максатына жетүү үчүн ар дайым өркүндөөгө аракет кылат. Сөзүнүн акырында О.Молдалиев азыркы убакта жаштар эл аралык конфессиялар макулдашуулар идеяларын алып жүрүүчүлөр болуп эсептелет деп билдирди.

Конференциялардын катышуучулары тилектештик жана бири-бирин урматтоонун негизи болгон диний жана маданий баалуулуктар боюнча маалымат алышты жана мультиконфессиялык коомдогу көйгөйлөрдү чечүүнүн жолдорун үйрөнүштү. 16-июлда алар культтук маанидеги Орустардын Православдык чиркөөсүнүн храмына, синагог иудандык бирикмеге жана мусулман мечитине барышты. Алар ички культтук маанидеги имараттардын шаймандары, жасалгалары менен таанышып, дүйнөлүк диндер жана дин кызматкерлери жөнүндө маалымат алышты.

Андан кийин “Jannat Regency” мейманканасында эл аралык конфессиялар диалогунун түзүлүш идеясы боюнча талкууга Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директорунун орун басары Чотаев Закир Дженишбекович, Кыргызстан мусулмандар Дин башкармалыгынын муфтийинин орун басары Эргешев Акимжан ажы, Цивилизациялар өнүгүү фондунун Президенти Мохамед Башар Арафат, Католик чиркөөсүнүн Пастору Вилльям О (АКШ), Кыргызстандын, Бишкектин маалымат бөлүмүнүн жетекчиси, Орус православдык чиркөөсүнүн Епархиясы Грекова Анна Викторовна жана ЮНЕСКОнун диний изилдөө борборунун директору Карыбаева Замира болушту.

З.Чотаев Кыргыз Республикасы светтик мамлекет болуп эсептелет жана культтук баалуулуктар менен бирге дин тандоо эркиндиги Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеш керектигин белгиледи жана Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы эл аралык конфессиялар макулдашуу идеясын алга жылдырууга кызыкдар экендигин белгиледи. Алдыга коюлган максаттарга жетүү үчүн Мамлекеттик конфессиялар кеңеши түзүлгөн. Анын курамына Кыргызстан мусулмандар Дин башкармалыгы, , Бишкек жана Кыргызстандык Орус православдык чиркөөсүнүн Епархиясы, иудей, буддистик коомдору кирет.

Мохамед Башар Арафат диндеги реформа менен катар салт жана окутууну жүргүзгөн. Анна Грекова талкууну жыйынтыктап жатып, “Кудайды издөө жолундагы адамдар – булар тынчтыктын адамдары. Ал эми тынчтыктын адамдары диний жана мультимаданиятык бирикменин идеяларына таянышат” деп кошумчалады.

Армениянын катышуучусу Анахит Газарян өтүлгөн конференциядан исламдын чыныгы баалуулуктарын билгенин айтып, “мечитке биринчи жолу киргенде эч нерсе менен салыштыргыс жеңилдикти жана тынчтыкты” сезгенин белгиледи.

Конференциянын жыйынтыгында, 16 өлкөнүн катышуучулары сертификаттарды алышты жана эсте калган баарлашуу, сабырдуулук идеясын жылдыруу боюнча кийинкиге пайдалана турган көптөгөн маалыматтарга ээ болушту. Конференцияга катышкандыгы боюнча сертификат Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын жетекчилиги жана “Кызматташуу жана алмашуу” Фондунун Президенти Мохамед Башар Арафат тарабынан салтанаттуу жыйын менен Jannat Regency”мейманканасында тапшырылды.

ДИМК Басма сөз кызматы 

itogi13-170716_4

itogi13-170716_3


itogi13-170716_1 

Архив