“Мыкты түшүнүк - мыкты дүйнө үчүн ”аттуу эл аралык конференциянын өткөрүлүшү жөнүндө
Өтүүчү жери: Jannat RegencyКүнү: 09:00-18:00

Заманбап дүйнө өзүн ачык демократиялуу, сабырдуу, мультимаданияттуу коом деп таануу менен анын курамында өз каалоолору менен бириккен ар кандай конфессиялардын, маданияттын өкүлдөрү бар. Бириккен бардык өлкөлөрдүн жалпы бирдей максаты, диний маданий баалуулуктарды аралаштыруу аркылуу коомду чыңдоо, бекемдөө болуп эсептелет.

Маданий жана диний көп түрдүүлүк идеяларын, конфессиялар аралык макулдашуу жана сабырдуулук идеяларын алга жылдыруу максатында 13-17-июль күнү Jannat Regency мейманканасында цивилизациялар кызматташтыгы жана алмашуу Фонду (Балтимор шаары, Мэриленд штаты, АКШ) Мохамед Башар Арафаттын жетекчилиги жана Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын көмөгү менен “Мыкты түшүнүк - мыкты дүйнө үчүн” аттуу эл аралык конференция өтүп жатат . Аталган конференциянын иши 16 өлкөнүн жана 17 этникалык топтордун активдүү жаштарынын (Россия Федерациясы, Украина, Армения, Кыргызстан, Казахстан, Узбекистан, Таджикистан, Америка Кошмо Штаттары, Великобритания, Индонезия, Египет, Йемен, Сирия, Филипин, Гана) катышуусунда өткөрүлөт.

Конференциянын жүрүшүндө катышуучулар ар кандай диний, маданий баалуулуктар жана заманбап мультиконфессиялык коомдун көйгөйлөрү жөнүндө маалыматтарды ала алышат. Конференциянын негизги өзөгүн Орустардын Православдык чиркөөсүнүн храмына, синагог иудандык бирикмеге жана мусулман мечитине дин кызматкерлеринен дүйнөлүк диндердин негизи жөнүндө маалымат алууга жана ички культтук маанидеги имараттардын шаймандары, жасалгалары менен таанышуу түзөт. Башка секциялар тарыхтагы терроризм, экстремизмдин себептери жана чыр-чатактарды жөнгө салуу боюнча суроолорду талкуулоого багытталат.

Аталган конференция Орто Азиядагы окшоштуктар эмес жана маанилүү негиздин идеяларын түзүүдөгү бирдиктүү колдоо, мындан тышкары дүйнөлүк элдердин маданий, салттык баалуулуктарын акыл эс менен айкалыштыруу болуп саналат.

ДИМК Басма сөз кызматы
Архив