ПРЕСС-РЕЛИЗ Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору О.Молдалиев Бишкектеги ОБСЕнин борборунун башчысы С.Капинос менен жолугушуусу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору О.Молдалиев Бишкектеги ОБСЕнин борборунун башчысы С.Капинос менен жолугушуусу болду. Жолугушууда тараптар ОБСЕ менен Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын мындан аркы кызматташтыгынын келечеги жөнүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар чыр-чатактарды алдын алуунун механизми, радикалдашуунун түз жана кыйыр себептери, ички жана тышкы факторлордун таасири, экстремизмдин зомбулугу жана радикализмдин таралышына байланыштуу тобокелчиликтер боюнча талкуулашты.

Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору О.Молдалиев диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруудагы негизги аспектелерди бөлүп көрсөттү, аларга Кыргыз Республикасынын “ Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө” Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү, дин таануу жана диний билим берүү системасын реформалоо, дин кызматкерлерин аттестациядан өткөрүү, экстремисттик идеологияга каршы туруу боюнча эксперттик топ түзүү болуп саналат.

Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатты реформалоо боюнча теманы улантып, С.Капинос дин кызматкерлеринин сабаттуулук денгээлинин өсүүсүнүн туура тенденциясын белгиледи, ошондой эле дин ишмерлеринин белгиленбеген чөйрөдө өздөрүнүн жолун жолдоочуларга өзгөчө таасир кылаарын жана мамлекеттик башкаруу системасына карата көз караштары бар экендиктерин белгиледи.

Жолугушуунун соңунда, тараптар сабырдуулук идеясынын түптөлүшүнө багытталган иштерде эл аралык мекемелер менен мамлекеттик органдардын биргелешип иш алып баруулары керектигин белгилешти жана диний чөйрөдөгү улуттук саясатты өркүндөтүү, коопсуздукту камсыз кылууда мындан ары кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти. 


Архив