А.Усупбаевдин Акипресс басма–борборундагы 2016-жылдын 8-июлундагы чыгып сүйлөөсүнө карата Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын жообу.

Буга чейин бир нече жолу маалым болгондой, А.Усупбаев Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясына 2012-жылдын 23-октябрында “Теңирчиликти” диний уюм катары эсептик каттоодон өткөрүү боюнча арыз менен кайрылган.

Мына ушуга байланыштуу, каттоого сунуш кылынган документтер толук болгон эмес, тактап айтканда түзүүчү өзүнүн арызында белгилегендей, Бишкек шаардык кеңеши менен макулдашылган жарандардын, Түзүүчу кеңештин мүчөлөрүнүн тизмеси болгон эмес, мына ошондуктан Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы “Теңирчиликти” эсептик каттоого алуудан баш тарткан.

Соттун чечиминен кийин А.Усупбаев Дин иштери боюнча малекеттик комиссиясына “Теңирчиликти” эсептик каттоого алып, күбөлүк берүү боюнча арызына соттун чечиминин үлгүсүн гана тиркеп, кайрылган. Мына ошондуктан, ал тараптан (устав, түзүүчу кеңештин чогулушунун протоколу, жергиликтүү кеңештин макулдашылган, нотариалдык жактан катталган жарандардын тизмеси, диний уюмду түзүүгө демилгечи болгон Түзүүчу кеңештин мүчөлөрү, документ жана диний ишенимдин негизи жөнүндө маалымат, түзүлүп жаткан диний уюмдун турган жерин тастыктаган, “Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндөгү Мыйзамга ылайык ) негизги документтер берилген эмес.

Мына ошондуктан, арыз ээлери Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы соттун чечимин аткарбай жатат деп коомчулукту жаңылыштырып жатат. Соттун чечими автоматтык түрдө каттоого алууга негиз болбойт, анткени сот Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясына “Теңирчиликти” күбөлүк берип, каттоо боюнча арызын кароону тапшырган.

Эгерде, Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын талаптарына ылайык документтерди тапшыра турган болсо, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы бекитилген тартиптин негизинде каттоого алуу боюнча суроону карайт.

ДИМК Басма сөз кызматы
Архив