2016-жылдын 30-июнунда А.Усупбаевдин Акипресстин пресс-борборундагы чыгып сүйлөөсүнө карата жооп

2012-жылы 23-октябрда Усупбаев Анарбек Чолпонкулович Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясына “Теңирчиликти” диний уюм катары эсептик каттоого алуу боюнча арыз менен кайрылган.

“Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10 - беренесинин 3-пунктуна ылайык “Теңирчиликтин” уюмдаштыруу документтери көз карандысыз дин таануу экспертизага жөнөтүлүп, жыйынтыгында “Теңирчиликтин” идеологиясынын негизи дин эмес деген корутунду чыгарылган.

Мындан тышкары, каттоого берилген документтер толук болгон эмес, тактап айтканда, Бишкек шаардык кеңеши менен макулдашылган жарандардын, Түзүүчү кеңештин мүчөлөрүнүн тизмеси жок болгон. Бул “Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10 - беренесине каршы келгендиктен, Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы “Теңирчиликти” эсептик каттоого алуудан баш тарткан.

Ал эми “Теңирчиликтин” өкүлдөрү өздөрүнүн документтери дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу органда деп, далилсиз жүйөлөрдү келтиришүүдө, себеби эсептик каттоодон баш тартуу жөнүндөгү маалымат менен бирге алар тапшырган түзүүчүлүк документтер кайтарылып берилген. Анарбек Усупбаев өз колу менен алгандыгы жөнүндө кол коюп берген. (копиясы тиркелет).

Ошондуктан, аталган уюмдун өкүлдөрүнүн арызы далилсиз.

Эгерде тиешелүү документтерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тапшыра турган болсо, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы бекитилген тартиптин негизинде эсептик каттоого алуу маселесин карайт.

ДИМК Басма сөз кызматы 2
Архив