Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору О.Молдалиев менен Казахстан Республикасынын маданият жана спортунун Вице-министри М.Азильхановдун жолугушуусу

2016-жылдын 7-июньда  Кыргыз-Казак  Өкмөттөр аралык кеңешин өткөрүүнүн алкагында  Казахстан Республикасынын маданият жана спортунун  Вице-министри М.Азильханов  менен Кыргыз Республикасынын  Дин  иштери боюнча  мамлекеттик комиссиясынын директору  О.Молдалиевдин эки өлкөнүнүн кызматташуусуна кол коюу боюнча жолугушуусу болду.     Жолугушуунун жүрүшүндө эки тарап Кыргыз Республикасы менен Казахстан Республикасындагы катталбаган диний агымдарды жана диний кырдаалдарды  талкуулашты.     Өзгөчө көңүл,  “Кыргыз Республикасындагы Динге ишенүү эркиндиги жана диний уюмдар” Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүүгө  бурулду.  Анткени, диний уюм түзүүдө   канча киши болуш керек жана диний  уюмдун каттоодон өтүүдөгү   жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары менен макулдашуу тартиби  кандай болуш керек? – деген   маселеге өзгөчө көңүл бурулду.     Мындан тышкары, М.Азильханов  Кыргыз Республикасындагы  Ажылык сапарды уюштуруудагы республикалык Штабдын ишмердүүлүгүнө жана Ажылык сапарга баруучуларды тандоодогу компьютердик чучукулак ыкмасына таңданганын билдирди.

     Жолугушуунун соңунда, эки тарап  Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы жана Казахстан Республикасынын маданият жана спорт Министрлигине караштуу дин иштери боюнча Комитети мындан аркы жемиштүү кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти.

ДИМК Пресс-кызматы

vstre4a_dir070616_2 

 

Архив