ПРЕСС-РЕЛИЗ Дин иштери боюнча Мамлекеттик комиссиянын директору О.Молдалиевдин Туркия Өкмөтүнө караштуу Түрк эл аралык кызматташтык агенттигинин программалык координатору (ТИКА) Эврен Рутбил менен жолугушуусу

2016-жылдын 2-июнунда Дин иштери боюнча Мамлекеттик комиссиянын жыйындар залында директор О.Молдалиев менен Туркия Өкмөтүнө караштуу Түрк эл аралык кызматташтык агенттигинин программалык координатору (ТИКА) Эврен Рутбил менен жолугушуусу болду. Жолугушуунун алкагында Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча Мамлекеттик комиссиясына караштуу Диний кырдаалды изилдөө борборуна жана Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча Мамлекеттик комиссиясына материалдык-техникалык жактан жабдууну өткөрүп берүү боюнча актыга кол коюшту.

Ушул эле убакта, Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатты реформалоонун алкагында ТИКАнын көмөгү аркылуу Кыргызстандагы диний кырдаалды изилдөө боюнча долбоор жактырылды.

Жолугушуунун соңунда, Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча Мамлекеттик комиссиясы менен Турк Өкмөтүнө караштуу Түрк эл аралык кызматташтык агенттиги мындан аркы тыгыз кызматташууга кызыкдар экендиктерин ишенимдүү билдиришти.

ДИМК Пресс-кызматыimg_0267 

Архив