Бишкек шаарындагы массалык – маалымат каражаттарынын өкүлдөру үчүн “Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат жана Кыргызстандагы салттуу ислам” аталышындагы тренингдин өтүлүшү

2014-2020-жылдардагы Кыргыз Республикасындагы диний чөйрөдөгү Мамлекеттик саясат Концепциясын ишке ашыруу Планынын аткарылыш алкагында 2016-жылдын 17-майында Дин иштери боюнча Мамлекеттик комиссиясы КТРК телеканалынын көмөгү менен КТРКнын конференц залында массалык-маалымат каражаттарынын өкүлдөрү үчүн “Диний чөйрөдөгү Мамлекеттик саясат жана Кыргызстандагы салттуу ислам” деген темада окутуу тренингин өттү.

Тренингдин жүрүшүндө Дин иштери боюнча Мамлекеттик комиссиясынын эскперттери тарабынан 2014-2020-жылдардагы Кыргыз Республикасындагы диний чөйрөдөгү Мамлекеттик саясат Концепциясын ишке ашыруунун кырдаалы боюнча жана Кыргызстандагы салттуу матруди, ханафий масхабы жөнүндө кеңири түшүнүктөр берилди. Мындан тышкары, Мамлекеттик мекемелер жана эксперттер коомчулугу менен массалык-маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн ортосундагы карым-катыштыгы боюнча талкуу болду.

Ошондой эле, тренингдин катышуучулары Дин иштери боюнча Мамлекеттик комиссиясынын Кыргызстандагы диний уюмдардын, агымдардын ишмердүүлүктөрү жана диний экстремизм, терроризм менен күрөшүү алкагындагы алып барып жаткан иштери боюнча кабардар болушту.


trening170516_2

trening170516_1 

Архив