2026-жылдын 8-июлунда, Кыргыз Республикасынын Президентинин “2025-2030-жылдарга карата Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегиясы жөнүндө” Жарлыгын аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин кызматкерлерине, коррупциянын алдын алуу жана ага каршы аракеттенүү боюнча атайын лекция өткөрүлдү.
Лекция Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын өкүлү тарабынан, мамлекеттик кызматкерлер арасында коррупциялык элементтердин алдын алуу жана ага каршы аракеттенүү боюнча Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарындагы жаӊы өзгөрүүлөр, коррупцияга каршы аракеттенүү багытындагы аткарылып жаткан чаралар тууралуу кеӊири маалымат берилип, суроолор боюнча талкуулар болуп өттү.
Белгилей кетсек, мындан ары коррупциялык элементтердин алдын алуу жана ага каршы аракеттенүү боюнча маалыматтык-профилактикалык окутуулар үзгүлтүксүз негизде өткөрүлүп турмакчы.