НЕКРОЛОГ О.Ш. Мамаюсупов
Кыргыз Республикасынын илим, билим берүү жана мамлекеттик саясий башкаруу системасы оор жана орду толгус жоготууга учурады. 
Өмүрүнүн 73-жылында белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер, окумуштуу, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин мурдагы депутаты, Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын мурдагы төрагасы Мамаюсупов Омурзак Шеранович дүйнөдөн кайтты.
Омурзак Мамаюсупов 1953-жылы Ош облусунун Ноокат районундагы Эски-Ноокат айылында туулган. Ал өмүрүн илимге, билим берүүгө жана мамлекетке кызмат кылууга арнаган. 1973-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун физика-математика факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 1984-жылы Новосибирск мамлекеттик университетинин аспирантурасын, ал эми 1999-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин магистратурасын ийгиликтүү бүтүргөн.
Физика-математика илимдеринин кандидаты жана юриспруденция магистри катары Омурзак Мамаюсупов ата-мекендик илимдин өнүгүшүнө олуттуу салым кошкон. Эмгек жолун мектеп мугалими болуп баштап, кийин Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Математика институтунда улук илимий кызматкер болуп эмгектенген. Ал 40тан ашык илимий эмгектин автору.
Ал негиздеп, илимий-методикалык жактан жетектеген «Ноокат билимканасы» жатак-лицейи миңдеген айылдык жаштар үчүн билимдин жана тарбиянын чыныгы мектебине айланып, өлкөбүздүн алдыңкы билим берүү мекемелеринин бири катары таанылды.
Омурзак Мамаюсупов мамлекеттик кызматта да өзүнүн жогорку кесипкөйлүгү, жоопкерчилиги жана принциптүүлүгү менен айырмаланган. 1995–2000-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутат катары тармактык комитеттин төрагасы болуп иштеген. 1999-жылы Кыргыз Республикасынын билим берүү министринин биринчи орун басары кызматын аркалаган. 2000–2001-жылдары Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлү болгон.
Анын өмүр баянында 2001–2006-жылдар өзгөчө орунду ээлейт, бул мезгилде ал Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясын жетектеген. Аталган жылдары Омурзак Мамаюсупов өлкөдөгү диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын калыптанышына жана өнүгүшүнө, конфессиялар аралык ынтымактын чыңдалышына, диний туруктуулуктун камсыздалышына жана коомдук биримдиктин сакталышына зор салым кошкон.
Мамлекет алдындагы көп жылдык үзүрлүү иши жана сиңирген эмгеги үчүн Омурзак Мамаюсупов «Кыргыз Республикасынын Эмгек Баатыры», «Даңк» медалы менен сыйланып, «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими» ардак наамына татыктуу болгон.
Омурзак Мамаюсуповдун жаркын элеси анын үй-бүлөсүнүн, жакындарынын, досторунун, кесиптештеринин, шакирттеринин жана аны урматтап-сыйлаган бардык адамдардын жүрөгүндө түбөлүк сакталат.
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча Улуттук агенттиктин жетекчилиги, жалпы жамааты маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, орду толгус оор кайсын тең бөлүшөбүз.
Архив