Эскертүү!

Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 21-январындагы №18 “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” Мыйзамына, ошондой эле Кыргыз Республикасында диний билим берүүнүн тартибине ылайык, диний багыттагы жайкы лагерлерди, кыска мөөнөттүү диний окуу курстарын жана башка диний агартуу иш-чараларын уюштуруу укугу мамлекеттик каттоодон өткөн жана диний ишмердүүлүктү жүргүзүүгө укуктуу субъекттерге гана берилет.

Ушуга байланыштуу, диний лагерлерди жана диний окуу курстарын уюштурууда мыйзам талаптарын так сактоо зарыл экендигин эскертебиз!

Каттоодон өтпөгөн же тиешелүү уруксат берүүчү документтери жок уюштурулган диний лагерлер жана курстар мыйзам бузуу болуп эсептелинип, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тиешелүү административдик чаралар көрүлөт.


Архив