Президент Алмазбек Атамбаев дин иштери боюнча Мамлекеттик комиссиянын директору Орозбек Молдалиевди кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 17-февралда дин иштери боюнча Мамлекеттик комиссиянын директору Орозбек Молдалиевди кабыл алды.Жолугушууда Мамлекет башчысына өлкөдөгү диний кырдаал, ошондой эле диний чөйрөдө мамлекеттик саясаттын Концепциясын ишке ашыруу боюнча маалымат берилди.Мындан тышкары Орозбек Молдалиев диний жана диний билим чөйрөсүндөгү реформалар, анын ичинде диниятчыларды даярдоо боюнча адистештирилген колледжи уюштуруу тууралу айтып берди. Колледжде диний маданият, диндер теориясы, светтик мамлекеттин жана диний ишенимдердин принциптери тууралу илимий билимдер окутулмакчы.Президент Алмазбек Атамбаев өлкөдөгү диний кырдаалга такай көз салуунун зарылдыгын, ошондой эле светтик өлкөдө диний билим берүүнү өркүндөтүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи. 

Архив