“Кыргызстанда диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатты чагылдыруу” боюнча аймактык журналисттер үчүн тренинг жөнүндө

2016-жылдын 27-январында Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен биргеликте К. Баялинов атындагы китепканада аймактык жалпы маалымат каражаттардын редакторлору үчүн “Кыргызстандын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаты жана диний кырдаалды баяндоо тууралуу” атайын окутуу-тренингин өткөрдү.

Тренингдин алкагында Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын реформаланышы; 2014-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясы; диний уюмдардын жана агымдардын ишмердүүлүгү талкууланган.

Тренингдин катышуучулары КР ДИМК ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары жөнүндө, экстремизм жана терроризмге каршы көрсөтүлгөн чаралар, ошондой эле салттуу ислам жөнүндө маалымат алышты.

 



Архив