Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын жетекчилиги Туркия Республикасында расмий иш сапары менен жүрүүдө

2016-жылдын 21-январында Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын Директору О. Молдалиев, директордун орун басары З. Чотаев, Турция мамлекетинин Дин иштери боюнча башкармалыгынын жетекчиси М. Гормез менен жолугушушту.Жолугушууда Кыргыз Республикасынын дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатынын реформалоосу; теологиялык колледжинин жана Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын кызматкерлерин даярдоо Институтунун пилоттук долборлоордун жүрүшү, ошондой эле Кыргызстандагы Орто Азиянын эң чоң мечитинин курулуп жатышынын маанилүүлүгү талкууланды.Жыйынтыкта тараптар эки мекеменин ортосундагы кызматташуунун бекемдөөсүнө ишеним билдиришти.96e5e35a-237f-43fb-aec6-d05a0ec1cc982a85d23f-e8f2-410a-a906-c79506ac72901604287d-cdae-4239-943a-9f009e422ef3 

Архив