Кыргыз Республикасынын бүткүл облусттарында мектеп окуучулары жана мугалимдер үчүн дин жана дин тануу темадагы семинарлар өткөрүлдү.

2015-жыдын 24 ноябрь-15 декабрда Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин 10-башкы башкармалыгы менен биргеликте, өлкөнүн бүткүл облусттарында мектеп окуучулары жана мугалимдер үчүн дин жана дин тануу темадагы семинарларды өткөрдү. Иш-чаранын алкагында төмөнкү суроолор каралган:

Кыргыз Республикасындагы мамлекеттин светтик модели.Негизги милдетүү билим: укуктар жана милдеттер.Негизги дүйнөлүк диндер.Исламдын негиздери.Кыргызстандын аймагындагы диний агымдардын тарыхы.Кыргызстандагы диний уюмдар жана агымдар.Кыргызстандагы салттуу исламдын баалуулуктары: ханафий мазхабы, матуридий акыйдасы.Радикализм, эктремизим жана терроризм түшүнүктөрү.Экстремисттик агымдардын идеологиялары: чындыкпы же жомокпу?

Өлкө боюнча аталган семинарларга 140 мугалим катышып, 210 окуучу дин жана дин таануу илими боюнча маалымат алышкан.

 trening241115_2 

Архив