5.12.2015 г. Президент Алмазбек Атамбаев Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Орозбек Молдалиевди кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысына өлкөнүн диний чөйрөсүндөгү кырдаалдын өнүгүшү, ошондой эле диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын натыйжалуулугун мындан ары арттыруу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берилди.Орозбек Молдалиев ошондой эле диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын концепциясын ишке ашыруунун жүрүшү, диний кырдаалды изилдөө, мониторинг жана талдоо жүргүзүүнүн улуттук системасын калыптандыруу жана өнүктүрүү максатында Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясына караштуу диний кырдаалды изилдөө борборунун уюштурулушу жөнүндө айтып берди.Президент Алмазбек Атамбаев дүйнөдө түзүлүп жаткан кырдаалды эске алуу менен коркунучтарды жана терс көрүнүштөрдү болтурбоо, алдын алуу үчүн өз учурунда чара көрүүнү камсыз кылуу максатында өлкөдөгү диний кырдаалдын өнүгүшүнө мониторинг жүргүзүү боюнча иштерди күчөтүү зарыл экендигин белгиледи.vstre4a_dir051215 

Архив