2015-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар Планын аткаруу жөнүндөгү облусттук жана райондук кеңешмелер өткөрүлдү.

2015-жылдын 14-октябрь-11-ноябрь күндөрү Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин 10-башкы башкармалыгы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүндө 2015-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар Планын аткаруу жөнүндөгү отчеттуулуктуу берүү боюнча облусттук жана райондук кеңешмелерди өткөрдү (Иш-чаралар планы).

Максаты: Иш-чаралар Планын аткаруу жана отчеттуулукту тапшыруу тартиби боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана өз алдынча башкаруу органдарынын ортосундагы координацияны күчөтүү.

Аталган модулдун натыйжасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ыйгарым Укуктуу Өкүлчүлүктөрүнүн жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү, ошондой эле диний кызматкерелердин катышуусундагы облусттук кеңешмелерде 282, ал эми райондук кеңешмелерде мугалимдердин да катышуусу менен 545 катышуучулар катышышты.

Архив