КР ДИМКнын директору О.Молдалиев Москва шаарындагы борбордук мечиттин ачылыш салтанатына катышты. Саамалыкка ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин спикери Жээнбеков Асылбек, Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи Токтомушев Максатбек ажы, Азирети муфтийдин орун басары Ракиев Замир кары да катышышты.