Массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү үчүн өткөрүлгөн диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат маселелерин талкулоо боюнча тегерек отурумдун жыйынтыктары

2015-жылдын 23-сентябрь күнү Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы, Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министирлиги менен биргеликте массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү үчүн диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат маселелерин талкулоо боюнча тегерек отурумун өткөрүштү.

Аталган иш-чаранын алкагында диний чөйрөнү жөнгө салуучу укуктук актылары, 2014-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясынын негизиндеги дин аралашпаган мамлекет жана мамлекеттик-конфессиялык кызматташтык түшүнүктөрү, диний билим берүүнүн учурдагы абалы, ошондой эле массалык маалымат каражаттарынын диний радикализмге каршы күрөшүүдөгү ролу жана диний маалыматтарды чагылдыруу маселелеринин үстүндө талкуу жүргүзүлдү. Тегерек отурумдун катышуучуларына Кыргызстандагы салттуу ислам туралуу да маалымат берилди.

krugliy_stol230915_3krugliy_stol230915_2krugliy_stol230915_1 

Архив