Жарыя!

Кыргыз Респуликасынын Президентине караштуу

 Дин иштери жана этностор аралык 

мамилелер боюнча улуттук агенттиктин алдындагы 

Диний жана этностор аралык кырдаалды изилдөө борбору 

мамлекеттик жарандык кызматтын улук административдик кызмат орундарына кадрдык резервге кабыл алуу үчүн ачык сынак жарыялайт.


Административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын улук тобуна жалпы квалификациялык талаптар:

1. Билими:

- Кыргыз Республикасынын Конституциясы; 

- “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы; 

- “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 

- “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 

- “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 

- “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актыларында белгиленген деңгээлде мамлекеттик тилди, ошондой эле кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө расмий тилди билүү.

3. Мыйзамдарда каралган учурларда кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде санариптик сабаттуулукка ээ болуу. 

Милдетүү квалификациялык талаптар:

  • Экономика жана/же финансы багыты боюнча (башкы адис (бухгалтер) кызмат ордуна.

1. Кесиптик билим деңгээли:

- жогорку экономикалык же финансылык билим.


2. Эмгек стажы жана иш тажрыйбасы:

– мамлекеттик же муниципалдык кызматта жалпысынан бир жылдан кем эмес стажы, же тиешелүү кесиптик чөйрөдө үч жылдан кем эмес эмгек стажы.

3. Кесиптик компетенттүүлүгү:

Билими:

- Кыргыз Республикасынын Салык кодекси;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: “Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жөнүндө” (тиешелүү жылга);

- компьютердик сабаттуулугу.

Билгичтиги:

- тез чечим кабыл алуу жана кесепеттер үчүн жоопкерчилик тартуу;

- кызыкчылыктардын кагылышына алып келген көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын укуктук базасынын маалыматтык тутумдарын пайдаланууну билүү;

- “1С: Бюджеттик уюмдар үчүн бухгалтерия” программалык продуктусу менен иштөө;

- “Борборлоштурулган бухгалтердик эсеп” Автоматташтырылган маалымат системасында иштөө;

- ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү.

Көндүмдөрү:

- мамлекеттик жана расмий тилдерде финансылык документтерди түзүү;

- маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; 

- ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды иш жүзүндө колдонуу; 

- кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу.


• Социалдык жана гуманитардык илимдер багыты боюнча.


1. Кесиптик билиминин деңгээли:

- социалдык жана гуманитардык багыттары боюнча жогорку билими. 

2. Иш тажрыйбасы жана стажы

- жалпысынан бир жылдан кем эмес, мамлекеттик  жана муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө үч жылдан кем эмес иш стажы.

3. Кесиптик компетенттүүлүгү

Билими:

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө”, “Экстремисттик ишке каршы аракеттенүү жөнүндө”, “Билим берүү жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө”;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктары: 2025-жылдын 10-апрелиндеги № 126 “Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиги жөнүндө”, 2025-жылдын
 11-сентябрындагы № 257 “Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин алдындагы Диний жана этностор аралык кырдаалды изилдөө борбору жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясы жөнүндө” (тиешелүү жылга); 

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча программасы (тиешелүү жылга);

- Кыргыз Республикасынын аймагында өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан диний конфессиялар жөнүндө;

- дүйнөлүк диндердин негиздери.


Билгичтиги:

- диндер чөйрөсүндөгү көйгөйлөрдү чечүүгө анализ жүргүзүү, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана ыкмаларды интеграциялоо;

- диндер чөйрөсүндөгү ишмердүүлүктүн артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;

- дин маселелери боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүү, алынган формацияга салыштырмалуу талдоо жүргүзүү жана жалпылоо;

- КР мыйзамдарынын укуктук базасынын маалыматтык системаларын пайдалануу.

Көндүмдөрү:

- аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;

- ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды иш жүзүндө колдонуу;

- ишти пландаштыруу жана кызматтык убакытты туура бөлүштүрүү;

- кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу.


              Конкурска катышууга каалоо билдирген адамдар электрондук форматта арыз бере алышат:

- Кыргыз Республикасынын жеке мүнөздөгү маалыматтар чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте өзүнүн жеке маалыматтарын берүүгө, чогултууга жана иштетүүгө макулдугун тастыктайт;

- мамлекеттик жарандык кызматка жана муниципалдык кызматка кирүүдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген коррупцияга каршы чектөөлөрдү кабыл алгандыгын тастыктайт;

- конкурска катышуу жөнүндө арыз.

              Арызга төмөнкү документтер электрондук форматта (сканерленген документтер) тиркелет:

- негизги жана кошумча билимин тастыктаган документ;

- эмгек стажын тастыктаган документ (эмгек китепчеси);

- паспорт (түп нускасы конкурстун ар бир этабында көрсөтүлөт).

              Конкурска катышуу үчүн арыздар 2026-жылдын 31-мартынан 14-апрелине чейин «e-Kyzmat» мамлекеттик порталы (https://kyzmat.gov.kg) аркылуу кабыл алынат.       Маалыматты Мамкызмат жана ЖӨБ боюнча агенттиктин mkk.gov.kg жана ДИЭМУАтин religion.gov.kg.сайттарынан алса болот.

Эскертүү: белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган жарандар конкурска катышууга жол берилбейт. Талапкерлердин байланыш маалыматтары так жана туура көрсөтүлүшү керек.

Архив