Кыргыз Республикасынын Президенти “Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө” Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду

Мыйзам диний ишеними курал пайдаланууга жана Куралдуу Күчтөрдө кызмат кылууга жол бербеген, катталган диний уюмдардын мүчөсү болгон жарандарды аскерге чакырылган жердеги аскер комиссариаттары аркылуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган, социалдык маанидеги маселелерди алып барган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын атайын эсебине акчалай төгүмдөрдү төлөө аркылуу альтернативдик кызмат өтөөсүнө жол берет. Катталган диний уюмдардын мүчөсү болгон жарандар жогоруда аталган акчалай төгүмдөрдү төлөгөндөн кийин запаста тургандардын катарына киргизилбейт.

Архив