Ташибеков Талантбек Нурланович 1978-жылдын 23-декабрында Бишкек шаарында төрөлгөн.
Эл аралык мамилелер жана укук жаатында жогорку билимге ээ. Кыргызстан Эл аралык университетинде эл аралык мамилелер боюнча бакалавр жана эл аралык укук боюнча магистр даражаларын алган.
2009-жылы Японияда JICA программасынын алкагында Борбор Азия өлкөлөрүнүн мыйзамдарын салыштырмалуу талдоо багытында адистигин жогорулаткан.
2020-жылы Иорданиядагы Дүйнөлүк Ислам илим жана билим (W.I.S.E) университетинде шариат укугу (фикх) боюнча жогорку билимге ээ болуп, учурда ислам теологиясы жана философиясы боюнча докторант (PhD).
2006–2011-жылдары Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетинде юрист болуп эмгектенген.
2011–2016-жылдары өкмөттөр аралык комиссиялардын ишмердүүлүгүндө, ошондой эле эл аралык уюштуруучулук-укуктук иш-чараларды өткөрүүдө жетекчилик жана эксперттик кызматтарды аркалаган.
Үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы. Кыргыз, орус, англис жана араб тилдеринде эркин сүйлөйт.
2026-жылдын 19-январында Кыргыз Республикасынын Президентинин Тескемесине ылайык Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин төрагасы кызмат ордуна дайындалган.