XXI Эл аралык мусулмандар форуму
2025-жылдын 14–16-декабрында Москва шаарында, Пайгамбар Мухаммаддын (с.а.в.) туулгандыгынын 1500 жылдыгына (ай календары боюнча), имам ат-Тирмизинин туулгандыгынын 1200 жылдыгына, ошондой эле Москвадагы Тарыхый мечиттин 200 жылдыгына арналган «Тынчтык жана ишеним деглобалдашуу доорунда: заманбап чакырыктарга исламдык көз караш (Мир и доверие в эпоху деглобализации: исламский взгляд на вызовы современности)» темасындагы XXI Эл аралык мусулмандар форумуна Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин төрагасынын орун басары Манас Муратбеков жана бөлүм башчысы Айбек Иминов катышышты.
XXI Эл аралык мусулмандар форуму учурдун актуалдуу маселелерин талкуулоого багытталган абройлуу эл аралык аянтча болуп саналат. Анда глобалдык тартиптин өзгөрүшү, адамдардын өз ара ишенимин бекемдөө, диндер жана цивилизация аралык диалог, ошондой эле заманбап чакырыктарга жооп берүүдө ислам дининин орду боюнча маселелер каралды.
Аталган форум Россия Федерациясынын Мусулмандарынын Дин башкармалыгы, Эл аралык мусулмандар форуму жана Москва ислам институту тарабынан уюштурулуп, Россия Федерациясынын, КМШ өлкөлөрүнүн, Жакынкы чыгыштын, Европа жана Азиянын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү, диний лидерлери, окумуштуулары, эксперттери, илимий жана билим берүү чөйрөсүндөгү көрүнүктүү инсандары жана Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Абдулазиз кары Закиров катышышты.