Диний жана этностор аралык кырдаалды изилдөө борборуна 10 жыл

 2025-жылдын 10-декабрында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин алдындагы Диний жана этностор аралык кырдаалды изилдөө борбору (мындан ары – Борбор) өзүнүн ишмердүүлүгүнүн 10 жылдыгына карата "Кыргызстандагы диний саясатты жана конфессиялар аралык диалогду өнүктүрүүнүн институционалдык перспективалары: изилдөө ыкмалары, кызматташтык жана толеранттуулук маданияты" аттуу илимий-практикалык конференциясын өткөрдү.

Белгилей кетсек, Борбор 2015-жылдын 3-ноябрынан тартып, мурунку Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын алдындагы ведомстволук бөлүм катары түзүлгөн. Өз ишмердүүлүгүнүн алгачкы жылдарынан тартып өлкөдөгү диний кырдаал жөнүндө маалымат чогултуу, аны изилдөө жана системалаштыруу боюнча милдеттерди аткарып келген. Борбордун изилдөө тажрыйбасынын өнүгүшү менен мезгилдин талабына ылайык жана коомдогу өзгөрүүлөрдү эске алып, диний багытта мамлекеттик стратегиялык чечимдерди кабыл алууга зарыл болгон аналитикалык, маалыматтык материалдарды даярдоо практикасы калыптанды. Борбор 10 жыл ичинде бир катар, эл аралык, мамлекеттик жана жергиликтүү деӊгээлдеги изилдөөлөрдү жасап, учурда диний жана этностор аралык мамилелер чөйрөсүндө жаӊы изилдөө багыттарын аныктоодо. 
Аталган иш-чара диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатты жана конфессиялар аралык диалогду өнүктүрүү багыттарын талкуулоо, толеранттуулук маданиятын жайылтуу, аналитикалык тажрыйба алмашуу жана илимий-изилдөө ыкмаларын өркүндөтүү максатында уюштурулду. Конференция дин жана улуттар аралык мамилелер жаатындагы изилдөө иштеринин актуалдуу маселелери боюнча ачык диалог жүргүзүүгө жана конкреттүү сунуштарды иштеп чыгууга багытталган аянтча катары каралууда. 
Конференциянын панелдик сессиясынын алкагында катышуучулар Борбордун 10 жыл ичиндеги тажрыйбасын жана иш жыйынтыктарын талкуулап, диний жана этностор аралык чөйрөдөгү изилдөөлөр боюнча чет өлкөлөрдө колдонулуп келген тажрыйбаларды талдашты. 
Аталган конференцияга мамлекеттик органдардын, эл аралык жана бейөкмөт уюмдардын, диний бирикмелердин жана академиялык коомчулуктун өкүлдөрү катышышты.
Архив