2025-жылдын 13-ноябрында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттик (мындан ары-Улуттук агенттик) “Мутакалим” аялдардын прогрессивдүү коомдук бирикмеси жана “ПисНексус” фонду менен биргеликте “Кыргыз жараны – Уңгужол: жарандык биримдик жана улуттук баалуулуктар жолундагы 5 жыл” аталышында форумун өткөрдү.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 13-ноябрындагы №39 Жарлыгы менен бекитилген 2021–2026-жылдарга карата Кыргыз жараны деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүү концепциясынын (мындан ары-Концепция) алкагында, жарандык иденттүүлүктү чыңдоонун, этностор аралык жана диний ынтымакты бекемдөөнүн, коомдук туруктуулукту камсыздоонун маанилүү демилгесинин беш жылдык ишке ашыруу жыйынтыктарын талкуулоо, жарандык биримдикти жана улуттук баалуулуктарды чыңдоо максатында өткөрүлдү.
Форумга мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Програмасынын жана башка эл аралык уюмдардын, жарандык коомдордун, этностук жана диний жамааттардын өкүлдөрү катышышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө Улуттук агенттиктин төрагасынын орун басары К.Мидин уулу өз сөзүндө “Кыргыз жараны – бул биздин улуттук дем, дүйнөлүк бийиктикке жетелер уңгужолубуз!”, деп белгиледи.
Аталган иш-чара — беш жыл бою ишке ашырылып келген Концепциянын маанилүү жыйынтыктарын чагылдырган өзгөчө аянтча болду. Бул жылдар аралыгында биз жарандык биримдикти чыңдоонун, этностор аралык ынтымакты сактоонун жана улуттук баалуулуктардын коомдук жашоодогу ордун ак бекемдөөнүн алкагында аткарылган иштер, жетишкен ийгиликтер тууралуу кеңири талкууланып, натыйжалуу ой-пикирлер, сунуштар белгиленди.
Форумдун жыйынтыгында катышуучулар тарабынан аталган Концепцияны мындан ары өнүктүрүү, жарандык биримдикти бекемдөө жана улуттук баалуулуктарды коомдун бардык катмарларына жайылтуу боюнча бир катар маанилүү сунуштар айтылды.