Кыргыз Республикасынын дин чөйрөдөгү мыйзамдарын системалуу бузгандыгы үчүн, тактап айтканда “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесинин 3-бөлүгүн жана 37-беренесинин 1-2-бөлүктөрүнүн талаптарын аткарбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттик тарабынан 9 диний уюмдун жана диний окуу жайлардын иши токтотулду:
- “Мусульманская религиозная община” диний уюму (ДУ), эсептик каттоодон өткөн дареги жана күбөлүк номери: Чүй облусу, Сокулук р-ну., Жаны-Жер а., Темирязев көч., 28А (№ 0588-РОИ - 20.07.2015-ж.);
- “Тагай Нур” коомдук кайрымдуулук фонду (ККФ), эсептик каттоодон өткөн дареги жана күбөлүк номери: Бишкек ш., Биринчи Май р-ну., Токтоналиев көч., 47, (№ 0513-ЦФО - 07.03.2007-ж.);
- “Эл аралык ислам фонду” кайрымдуулук фонду (КФ), эсептик каттоодон өткөн дареги жана күбөлүк номери: Бишкек ш., Свердлов р-ну., Учкун кичи р-ну., 18/10, (№ 0284-ЦФО 02.10.2000-ж.);
- “Зам-Зам” Ислам кайрымдуулук фонду, эсептик каттоодон өткөн дареги жана күбөлүк номери: Бишкек ш., Свердлов р-ну., Чүй пр-ти., 5, кв.15, (№ 0381-ЦФО - 03.06.2003-ж.);
- “Данктоо” ДУ Толук Евангелиялык Чиркөөсү (Бишкек ш., Свердлов р-ну., Восток-5 кичи району, 24-Б, кв.44), күбөлүк № 0373-РОХ - 05.03.2003-ж;
- “Истина” ДУ ХЕПЦ, эсептик каттоодон өткөн дареги жана күбөлүк номери: Бишкек ш., Октябрь р-ну, Жантошев көч., 116, кв.15, (№ 0496-РОХ - 09.03.2006-ж.);
- “Сокулук” ДУ ЕХЦ, эсептик каттоодон өткөн дареги жана күбөлүк номери: Чүй облусу, Сокулук р-ну., Сокулук а., Ленин көч., 89, (№ 0247-РОХ 18.03.1999-ж.);
- “Евангелдик ишенимдеги христиандардын бириккен чиркөөсү “Искупление”” ДУ, эсептик каттоодон өткөн дареги жана күбөлүк номери: Чүй облусу, Кара-Балта ш., 40 лет Киргизии көч., 10, (№ 0264-РОХ - 23.07.1999-ж.);
- “Кураан Нуру” Ислам институту диний окуу жайы (ДОЖ), (Чүй облусу, Кара-Балта ш., 8-март көч., 97, (№ 0560-РУЗ - 25.04.2011-ж.);
- “Имам-Азам” ДОЖ, эсептик каттоодон өткөн дареги жана күбөлүк номери: Жалал-Абад облусу, Сузак р-ну, Күмүш-Азиз а., Тиллабай ажы көч., 23, (№ 0630-РУЗ - 08.09.2017-ж.).
Эгерде мыйзам бузууларды четтетүү жөнүндөгү эскертүү 90 күндүн ичинде аткарылбаса, Улуттук агенттик тарабынан Кыргыз Республикасынын “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” Мыйзамынын талаптарына ылайык жогоруда аталган диний уюмдарды жана диний окуу жайларды жоюу маселеси каралат.
Улуттук агенттик диний ишмердиктин субъекттерине Кыргыз Республикасынын “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” Мыйзамын сактоо зарылдыгын эскертет.