Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын (БУУӨП) өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү

2025-жылдын 23-июнунда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин төрагасы Азамат Юсупов менен БУУӨПтүн Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Александра Соловьеванын жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушууда социалдык биримдикти чыңдоодо эки тараптуу кызматташтыктын учурдагы абалы жана келечеги талкууланды. Азамат Юсупов БУУӨП менен ийгиликтүү ишке ашырылган демилгелерди белгилеп, мындан ары да биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун маанилүүлүгүн баса белгиледи. Өз кезегинде Александра Соловьева айым тиешелүү маселелерди чечүүдө кызматташууга кызыкдар экендигин билдирди.

Жолугушуунун алкагында диний чөйрөдөгү жана этностор аралык мамилелер боюнча 2026-жылга карата жаңы концепциялардын долбоорун биргелешип иштеп чыгуунун багыттары аныкталды.

Архив