2025-жылдын 17-июнунда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин төрагасы Азамат Юсупов Америка Кошмо Штаттарынын Эл аралык диний эркиндик боюнча комиссиясынын (USCIRF) делегациясы менен жолугушту.
USCIRF комиссарлары Вики Хартцлер жана Асиф Махмуд, ошондой эле саясат маселелери боюнча аналитиктер Кирстен Лавери жана Молли Блум Кыргыз Республикасындагы диний абал тууралуу бир катар суроолорду узатышып, соңку кабыл алынган "Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, диний уюмдарды эсептик каттоого алуу жана башка акуталдуу маселелер тууралуу кенен маалымат алышты.
Азамат Юсупов USCIRF делегациясынын жасап жаткан ишине ыраазычылык билдирип, Кыргыз Республикасында орун алган дин эркиндигин мындан ары да өнүктүрүү маанилүү милдеттердин бири экендигин белгиледи.