2025-жылдын 17-июнунда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин директору Азамат Юсупов Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин дин иштери боюнча кеңешчиси Салих Сезик менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар диний чөйрөдөгү эки тараптуу кызматташтыктын учурдагы абалы жана келечеги боюнча пикир алмашып, өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү жана биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу боюнча сунуштарды талкуулашты.