Сауд Араб Падышачылыгынын Ажылык жана умра министрлиги тарабынан Ыйык Мекке шаарында “Ажылыкты – миск менен жыйынтыктоо” аттуу расмий салтанат уюштурулду. Салттуу түрдө өтүүчү бул иш-чара 2025-жылдагы ажылык сезонуна расмий жыйынтык берүү, зыяратчыларга кызмат көрсөткөн мекемелерге ыраазычылык билдирүү жана 2026-жылдагы ажылыкка даярдыктарды баштоо максатында өткөрүлдү.
Салтанатка дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнөн расмий делегациялар катышты. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин төрагасы А.М.Юсупов жетектеген делегация да иш-чарага катышты.
Иш-чаранын алкагында «Labbaytum» аттуу сыйлык тапшыруу аземи өтүп, ажылык маалында жогорку деңгээлде кызмат көрсөткөн мекемелер Ардак грамоталар менен сыйланышты. Айрыкча “Ажылык иштери боюнча кеңселер” номинациясында мыкты деп табылган мекемелердин эмгеги белгиленди.
Сауд Араб Падышачылыгынын Ажылык жана умра министри өз сөзүндө 2025-жылдагы ажылык уюшкандыкта өткөнүн баса белгилеп, катышкан бардык мекемелерге жана эл аралык өнөктөштөргө терең ыраазычылык билдирди. Ошондой эле министр 2026-жылдагы ажылыкка даярдыктар расмий түрдө башталганын жарыя кылып, зыяратчыларга көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын мындан ары дагы жогорулатуу максатында иштер жүрүп жатканын маалымдады.
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттик 2025-жылдагы ажылык мезгили Кыргызстандык зыяратчылар үчүн тынч, коопсуз жана уюшкан түрдө өткөнүн белгилейт жана ошондой эле ажылыкты уюштуруу жаатындагы иштерди мындан ары дагы өркүндөтүү максатында 2026-жылдагы ажылыкка даярдыктарды азыртан баштап, тиешелүү мекемелер менен өз ара кызматташтыкты улантат.