Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттик ажылыкты уюштурууну көзөмөлдөөдө

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин төрагасы Азамат Юсупов Ажылыкты уюштуруу штабынын кызматкерлери жана ажы башчылары менен жолугушуп, ажыга барган жарандардын жайгаша турган жерлеринин шарттары менен таанышты.

Кыргызстандык зыяратчылардын ар бир кадамы — бул биздин өлкөнүн жүзү. Ажылыктагы ар бир кызматкер өз ишине ыклас менен мамиле кылып, шариаттын талаптарына ылайык иш алып барышы керек. Мындай мүмкүнчүлүк баарына эле буюрбайт. Демек, бул кызмат — чоң жоопкерчилик жана улуу мүмкүнчүлүк. Штаб кызматкерлери жана ажы башчылар бөлүнгөн милдеттерди так жана жоопкерчилик менен аткарып, зыяратчылардын ыраазычылыгы жана коопсуздугу үчүн аракет кылышы зарыл, - деп белгиледи Улуттук агенттиктин төрагасы Азамат Юсупов.

Андан соң делегация Мина жана Арафат өрөөндөрүндө болуп, Кыргызстандын ажылары жайгаша турган чатырлардын даярдыгын жеринен көрүп чыгышты.

Ошондой эле Ажылыкты уюштуруу штабы Сауд Араб Падышалыгынын Ажылык министрлигинин жооптуу өкүлдөрү менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташууну чыңдоо, графиктердин так сакталышы, көчүү процессиндеги логистика жана кыргыз ажыларына көрсөтүлө турган кызматтар боюнча пикир алышты.

Архив