ЕККУнун Улуттук азчылыктар боюнча жогорку комиссары Кристоф Камп менен Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттик жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттикте Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун Улуттук азчылыктар боюнча Жогорку комиссарынын (ЕККУ УАЖК) делегациясы менен жолугушуу өттү. 

Жолугушууда 2021–2026-жылдарга карата диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын жана жарандык биримдикти бекемдөөгө багытталган «Кыргыз жараны» концепциясын ишке ашыруу маселелери талкууланды.

Улуттук агенттиктин төраганын орун басары Канат Мидин уулу мамлекеттик Дин комиссиясынын Улуттук агенттикке кайра түзүлгөнүн белгилеп, эми агенттик этностор аралык мамилелерди да камтый турганын билдирди. Бул кадам тиешелүү багыттардагы мамлекеттик саясатты натыйжалуу координациялоого шарт түзөт.

Жолугушууда диний уюмдардын ишмердүүлүгүн жөнгө салуучу мыйзамдардагы жаңылыктар да талкууланды. Тараптар мындан ары да кызматташууну улантууга, биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга жана жаштарды жигердүү тартууга кызыктар экенин билдиришти.

Архив