Бүгүн, 14-майда Нарын шаарында Кыргыз Республикасынын «Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө» Мыйзамынын алкагында маалыматтык-түшүндүрүүчү семинар болуп өттү.
Семинарга төмөнкү мекеме жана уюмдардын өкүлдөрү катышты:
• КР Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин Нарын облусундагы өкүлү;
• Нарын районунун прокуратурасы жана ички иштер бөлүмүнүн өкүлдөрү;
• Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын жетекчилиги;
• Дин иштери боюнча жооптуу кызматкерлер;
• Нарын облустук мусулмандар казыятынын өкүлү;
• Райондогу мамлекеттик мекемелердин жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, баш имам-хатиб жана айылдык имамдар.
Семинардын жүрүшүндө катышуучуларга мыйзамдын негизги жоболору, талаптары, чектөөлөрү жана мыйзам бузуу учурларындагы жоопкерчилик тууралуу кеңири маалымат берилди. Презентация көрсөтүлүп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү тарабынан баяндамалар жасалып, катышуучулардын суроолоруна жооп берилип, сунуш-пикирлер угулду.