Бүгүн, 28-апрелинде Нарын шаарында «Менин мекеним — Менин жоопкерчилигим. Экстремизмге жана терроризмге жол жок. Билимдүү жаштар — экстремизмге каршы» аттуу жаштар форуму болуп өттү.
Иш-чара Нарын шаарынын мэриясы менен биргеликте уюштурулуп, Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин Нарын облусундагы өкүлү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, укук коргоо жана коопсуздук органдарынын, билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү, облустук казыят жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты.
Форумда жаштар арасында экстремизмди жана радикализмди алдын алуу, мамлекеттик саясатты ишке ашыруу, кызматташтыкты бекемдөө жана түшүндүрүү иштерин күчөтүү маселелери талкууланды. Катышуучулар алдын алуу иш-чараларын активдештирүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.
Иш-чара сахналаштырылган оюн-зооктор, видеороликтер жана эстрадалык концерт менен коштолду.