Бүгүн, 19-апрелде Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин жамааты Ысык-Ата районунда жайгашкан ыйык Таштар-Ата зыярат жайына ишембиликке чыгышты.
Иш-чаранын алкагында кызматкерлер таштандыларды чогултуу, айлана-чөйрөнү ирээтке келтирүү, жол жээгин тазалоо жана жалпы көрктөндүрүү иштерин жүргүзүштү. Максат – жаратылышты таза сактоо менен бирге, коомчулукка тазалыкка жана ыйык жайларга аяр мамиле кылуунун маанисин көрсөтүү.
Бул ишембилик агенттиктин кызматкерлери үчүн жаратылыш менен руханий байланышты чыңдаган, ынтымакты бекемдеген маанилүү иш-чара болду. Агенттиктин жетекчилиги мындай демилгелерди мындан ары да улантуу зарылдыгын белгилеп өттү.
Ыйык жай – тазалык менен башталат!
Табиятты сактоо – баарыбыздын милдетибиз!