Бүгүн, 24-апрелде Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттик тарабынан Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Бишкек шаары боюнча Свердлов райондук ички иштер башкармалыгы менен кызматташууда, Свердлов райондук мамлекеттик администрациясынын муниципалдык аймактык башкаруу кызматкерлерине жаңы кабыл алынган “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизги жоболорун түшүндүрүү максатында атайын жыйын өткөрүлдү.
Жыйынга мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өкүлдөрү, укук коргоо органдарынын кызматкерлери, ошондой эле дин кызматкерлери катышып, мыйзамдын мазмуну жана коомчулук менен иш алып баруудагы мааниси тууралуу кеңири маалымат алышты. Иш-чарага Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын (КМДБ) өкүлдөрүнүн катышуусу мыйзамдын диний коомчулуктун турмушундагы ордун жана аткарылышындагы ролун баса белгиледи.
Катышуучуларга жаңы мыйзамдагы негизги өзгөрүүлөр, диний ишмердүүлүктү жөнгө салуучу талаптар, каттоо тартиби, диний уюмдардын милдеттери жана жарандардын дин тутуу эркиндигин камсыз кылуудагы мамлекеттик саясат тууралуу кенен маалыматтар берилди. Ошондой эле, жарандар арасында мыйзамды туура жана түшүнүктүү жеткирүү боюнча ыкмаларды колдонуу, маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө ведомстволор аралык кызматташтыктын мааниси айтылып, катышуучулардын суроолоруна адистер тарабынан жооптор берилди.
Мындай жолугушуулар диний сабаттуулукту жогорулатууга, мыйзамдын талаптарын кеңири жайылтууга жана дин жаатындагы мамлекеттик саясатты натыйжалуу ишке ашырууга чоң салым кошот.