Бишкек шаарында «Аялдар социалдык коопсуздук чөйрөсүндө: алдын алуудан баштап ишке ашырууга чейин» деген аталышта дин чөйрөсүндөгү лидер айымдар үчүн тренинг өткөрүлдү.
Семинардын жүрүшүндө мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышуучуларга Кыргыз Республикасынын «Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө» Мыйзамынын негизги жоболору менен тааныштырып, жүзүн жашырып жана чүмбөттөгөн жарандарга эскертүүлөрдү жүргүзүү боюнча терең маалымат берилди. Ошондой эле, аялдарга жана балдарга карата зомбулукту алдын алуу боюнча иш алып баруу жана мыйзамдык чаралар боюнча маалыматтар берилди. Мындан тышкары, билим берүү мекемелеринде зомбулукту алдын алуу жана коопсуздукту камсыз кылуу боюнча кабыл алынган чаралар талкууланды.
Семинар аялдардын социалдык коопсуздугуна байланыштуу актуалдуу маселелерди талкуулоого жана тажрыйба алмашууга арналган маанилүү аянтчага айландырылды. Катышучуулар мындай иш-чаралар аялдар менен балдардын укуктарын кеңири түшүнүү жана коомдогу коопсуздук чөйрөсүн түзүү үчүн маанилүү экенин белгилешти.
Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттик менен ПООЖ «Мутакалим» уюмунун кызматташтыгынын алкагында уюштурулду. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү.