Бүгүн,18-апрелде Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттик тарабынан Бишкек шаарынын Биринчи Май районунда жүзүн жаап жүргөн жарандарга байланыштуу түшүндүрүү иштери боюнча жыйын өткөрүлдү.
Иш-чарага мамлекеттик жана муниципалдык органдардын кадр иштери боюнча түзүмдүк бөлүктөрүнүн өкүлдөрү, укук коргоо органдарынын кызматкерлери жана дин кызматкерлери катышты.
Жыйында жаңы кабыл алынган мыйзамдын алкагында жүзүн жаап жүргөн жана өздүк иденттиги аныкталбаган жарандарды мамлекеттик жана муниципалдык имараттарга, мекемелерге киргизүүгө тыюу салуу жана бул талапты бузган учурда айып пул салынары тууралуу маалымат берилди.
Ошондой эле, катышуучуларга мыйзамдын талаптарын жарандарга туура жана түшүнүктүү жеткирүү жолдору тууралуу кеңири түшүндүрмө иштери жүргүзүлүп, суроолорго жооптор берилди.