Кыргыз Республикасынын Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттик Бишкек шаарынын Ленин районунун муниципалдык аймактык башкармалыгынын кызматкерлерине жана маала башчыларына “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” мыйзамынын алкагында түшүндүрүү иштерин өткөрдү.
Жыйындын жүрүшүндө жаңы кабыл алынган мыйзам тууралуу коомчулукта талкуу болуп жаткан суроолорго жооптор берилип, мыйзамсыз диний ишмердүүлүктүн алдын алуу тууралуу талкуулар жүргүзүлдү.
Иш-чарага Ленин райондук ички иштер башкы башкармалыгы жана Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын кызматкерлери катышышты.